Радио

Кыргызстан электрондук коммерция рейтингинде 96-орунда турат

Кыргызстандын электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Күрөңкеев өлкөдө накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн темпи жогорулап, калктын 70 пайызынын банктык эсеби бар экенин айтты.
Sputnik
2020-21-жылдарда Кыргызстан электрондук коммерция боюнча дүйнөлүк рейтингде 112-орунда турса, учурда позициясын кыйла жакшыртып 96-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Айбек Күрөңкеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндө электрондук коммерция рейтингинде Казакстан 65-орунда, Өзбекстан 97-орунда турат.
"Кыргызстандын электрондук коммерция ассоциациясынын түптөлгөнүнө төрт жылдай болгону менен жакшы жыйынтыкка жете алдык. 2021-жылдан тарта "Электрондук коммерция жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, тармактын өнүгүшүнө чоң жол ачты. 2020-21-жылдары Кыргызстан электрондук коммерция боюнча дүйнөлүк рейтингде 112-орунда турса, учурда позициясын кыйла жакшыртып 96-орунга көтөрүлдү. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүндө Казакстан 65-орунда, Өзбекстан 97-орунда турат. Буга бир катар факторлор роль ойнойт. Мисалы, өлкөдө накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн темпи жогорулап, калктын 70 пайызынын банктык эсеби бар. Жарандар маркетплейстерден соода кылып, үлүшү да көбөйүп калды", — деди Күрөңкеев.
Ошондой эле ал Кыргызстанда электрондук коммерция багыты боюнча рыноктун көлөмү учурда 360 миллион долларды түзсө, Казакстанда 1,2 миллиард долларга жетерин кошумчалады.