Казандагы БРИКС саммити

Киевде БУУнун баш катчысына таарынышты

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Украинанын Тышкы иштер министрлиги X социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Украина боюнча июнь айында Швейцарияда өткөн конференцияга баруудан баш тартып, бирок Казандагы БРИКСтин саммитине катыша турган БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке таарынычын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин РИА Новостиге билдиргенине караганда, БУУнун баш катчысы Казанда өтүүчү БРИКС саммитине катышарын ырастады. 24-октябрда саммиттин алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу болору да мурда белгилүү болгон. Анда БУУнун ишмердүүлүгүнүн темалары менен катар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыш кризиси жана Украинанын айланасындагы кырдаал да каралары күтүлүүдө.
"БУУнун баш катчысы Украинанын Швейцариядагы биринчи глобалдык тынчтык саммитине чакыруусун четке какты. Бирок ал Казанга чакырууну кабыл алды", — деп айтылат Украинанын Тышкы иштер министрлигинин X баракчасындагы билдирүүсүндө.
Украинанын министрлиги Гутерриштин тандоосун "туура эмес", "тынчтыкка алып келбеген" жана "БУУнун аброюна шек келтирди" деп атады.
С.Жапаров: Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга умтулууда