Казандагы БРИКС саммити

Казанда Путин менен Си Цзиньпин жолукту. Лидерлер токтолгон маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Казанда БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынынын алкагында Кытай лидери Си Цзиньпин менен Россия президенти Владимир Путин жолукканын РИА Новости билдирди.

Путин токтолгон маселелер:

Россия-Кытай мамилелери азыркы заманда мамлекеттер ортосунда алака түзүүнүн үлгүсү болуп калды;
Россия-Кытай кызматташтыгы дүйнөлүк аренадагы негизги турукташтыруучу факторлордун бири болуп саналат. Биз глобалдык коопсуздукту жана адилеттүү дүйнөлүк тартипти камсыз кылуу үчүн бардык платформада координацияны мындан ары да жогорулатууну көздөп жатабыз;
биргелешип иштеген жылдар аралыгында БРИКСтин бедели жана таасири күчөдү.

Кытай лидеринин сөзүнөн:

ондогон жылдар бою Кытай-Россия мамилеси өзгөрүп жаткан эл аралык кырдаалдын сыноолоруна туруштук берип, узак жолду басып өттү жана болуп көрбөгөндөй мыкты деңгээлге чыкты;
кылымдар бою байкалбаган тектоникалык трансформациянын шартында эл аралык кырдаал олуттуу өзгөрүүлөрдү жана толкундоолорду баштан кечирүүдө. Бирок бул жагдай эки өлкөнүн бири-бирин колдоого багыт алган стратегиясына таасир эте албайт.
Казандагы БРИКС саммити
Садыр Жапаров БРИКС саммитинин жыйынына катышуу үчүн Россияга барат