Радио

Керимбаева: ишкерлер үчүн "100 стартап" долбоору ишке кирет

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева долбоорго бардык тармактагы стартаптар катыша аларын айтты.
Sputnik
"100 стартап" долбоорунун алкагында 100 мыкты идея тандалып, колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Рахат Керимбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоорду 2025-жылдын башында ишке ашыруу пландалган.
"Кыргызпатент тарабынан кийинки жылга "100 стартап" аттуу долбоор даярдалууда. Анын алкагында 100 идеяны колдоп берели деп жатабыз. Жалпы өлкө аймагын камтыган иш-чарага бардык тармактагы стартаптар катыша алат. Аларды алып чыгып, андан нары өнүгүүсүнө, венчурдук фондуларды кызыктырып, иштешип кетүүсүнө шарт түзүүнү пландап жатабыз. Буюрса кийинки жылдын биринчи кварталында ишке ашат", — деди Керимбаева.
Ошондой эле ал долбоорду ишке ашырууда өнөктөштөр дагы белгилүү болгонун кошумчалады.