Кариб кризиси: дүйнө өзөктүк согуштун босогосуна кантип жетип калган. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. 1962-жылы АКШ менен СССРдин кансыз согуштагы каршылашуусу курчуп кеткен.
Америкалык ракеталарды Түркияга жайгаштыргандыгына жооп катары СССР 1962-жылы Кубага өзөктүк ракеталарын жиберген. Бул куралдын Вашингтондун аймагына бир саат ичинде жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.
Андан кийин АКШ Кубанын тегерегиндеги 500 милдик деңиз аймагын тосуп салды. Бул аракет АКШны согуш ачкан мамлекет катары көрсөттү. Советтер Союзунун жасаган кадамдары эл аралык мыйзамды бузган жок.
Дүйнө согушка баратты: советтик ЗРК Кубада чалгындап жүргөн U-2 учагын атып түшүргөн. Анын пилоту майор Рудольф Андерсон каза болот. АКШнын президенти Жон Кеннединин кеңешчилери Кубага каршы чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кыла башташты.
Чатактын курчушуна карабастан Кеннеди Кубага басып кирүүдөн баш тартып, Түркиядагы өзөктүк ракеталарды чыгарды. Советтик Союз да Кубадан ракеталарды алып салды.
Байден: дүйнө өзөктүк согуш коркунучунда