БРИКСке айрым өлкөлөрдүн киргени ЕБ менен НАТОну кыжалат кылары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Сербия, Түркия сыяктуу башка мамлекеттердин БРИКС саммитине катышуусу ЕБ жана НАТОну кыжырлантат. Алардын келиши — Батыштын дүйнө тартибине каршы чыккан ишарат. Бул туурасында франциялык "Патриот" партиясынын лидери Флориан Филиппо айтканын РИА Новости жазды.
"БРИКС саммитине Сербия же Түркия сыяктуу башка өлкөлөрдүн келиши ЕБ жана НАТОнун ачуусун келтирет. Бул — Батыштын, Американын дүйнө тартибине каршы чыккандык. Болушунча эртерээк көз карандысыз болуу зарыл", — деген ал.
Саясатчы Франция өзүнүн көз карандысыздыгын жоготконуна кейигенин жана БРИКС саммитинде анын катышуусун элестетүү кыйын болуп калганын белгилеген.
Буга чейин РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда Сербиянын вице-премьери Александр Вулин алардын мамлекет башчысы Александр Вучичке салам айта баруусун суранган. Андан сырткары, Казанда болчу БРИКС саммитинин алкагында өтүүчү "аутрич" форматында өтүүчү иш-чарага келет деп ишеним артып турганын айткан ("аутрич" форматы – коомчулук менен түз байланыш түзүүгө жана алардын муктаждыктарын түшүнүүгө багытталган активдүү иш-чаралар).
Буга жооп кылган Вучич Казанга тыгыз иш режиминен улам келе албастыгын айтып, Сербия саммитке төрт министр башына турган делегациясын жөнөтөрүн билдирген.
РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков мурдараак журналисттерге БРИКС менен тигил же бул формада кызматташууну каалаган мамлекеттердин саны 34кө жеткенин билдирип, Казандагы саммит Россиянын тарыхындагы эң ири тышкы саясий иш-чара болорун кошумчалаган.
Ушаков Түркия толук форматта катышууга билдирме бергенин, ал президенттин кароосунда турганын айткан. Ал эми ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков президент Режеп Тайип Эрдоган БРИКС саммитине келерин билдирген.
Казандагы саммит бүгүн башталып, 25-октябрга чейин болот.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.
РФ лидери БРИКСтин иштиктүү форумунда эмнелерге токтолду. Урунттуу учурлар
Инжект: https://sputnik.kg/20241018/rf-lideri-brikstin-ishtikt-forumunda-belgilegen-uchurlar-1089575775.html