БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргыз футбол биримдигинин улуттук футбол академиясын ачканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ачылыш аземге Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа да катышкан.
Академия 3,4 гектар аянтты ээлеп, анда футбол талаалары, машыгуу аянтчалары, мейманкана комплекси, футзал оюндарын өткөрүү үчүн спорт зал, трибуналар, кафетерий жана башка заманбап объектилер бар.
Академия эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, анын ичинде ФИФА, Азия футбол конфедерациясы, Футболду колдоо фондунун жана Кыргыз футбол биримдигинин каржылык колдоосу менен салынганы белгиленди.
Азыркы академиянын ордунда буга чейин шаардык полигон жайгашкан. Ал жер мамлекеттин жана өнөктөштөрдүн аракети менен тазаланып, футбол комплекси пайда болгону кошумчаланды.