Айыл чарба жерлери дене тарбия-ден соолукту чыңдоо үчүн трансформацияланууда

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Сугат жана айдоо аянттарында дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстери курулат.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жерлерди трансформациялоо боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 2-октябрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр каралган.
Айыл чарбасы 107 пайызга өсөт. Жапаров агроөнөр жай кызматкерлерин куттуктады