23-октябрга карата аба ырайы

23-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Шаршембиде тоолуу райондорго кар түшүп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 7…12, Талас облусунда 6…11, Нарын өрөөнүндө 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 13…18, Ысык-Көл жеринде 14…19 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 10…12, Ош шаарында 13…15 градусту көрсөтөт.
27-октябрга чейинки аба ырайы. Кыргызгидрометтин маалыматы