"Көрөөр көзүм, алган демим сенсиң"! Баланы ашыкча эркелетүү кимге зыян?

Sputnik
Ата-эненин балдарына болгон сүйүүсү ашыкча болушу мүмкүн эмес. Бирок, мунун баары сиз эмнени айткыңыз келгенден көз каранды. Эгер сиз балага өзүңүздүн менчигиңиздей мамиле жасап, ашыкча көзөмөлдөп, коргосоңуз, анда мындай "сүйүү" инсанды калыптандырууга терс таасирин тийгизип, бойго жеткенде көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Тарбияда мындай мамиле гиперопека деп аталат. Баланы ашыкча эркелетүү, камкордук кылуу аны чечкинсиз кылат.
Биз “Көз мончок” программасынан кезектеги чыгарылышында ашкере бөпөлөөнүн балага тийгизген терс жана оң таасирлери тууралуу сөз кылдык.