Кыргыз китепканасындагы “Россия сени менен” борбору ачылды. Эмне иш алып барат?

Sputnik
Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында "Россия сени менен" аталышындагы жаңы форматтагы борбор ачылган. Аталган борборду Россотрудничество заманбап эмеректер менен жабдып, билим алуу шарттары дагы жакшырды. Учурда 12 жашка чейинки балдар үчүн үн китептери жана өзгөчө калемдер, электрондук такталар, интерактивдүү стол жана конструктору менен оюн аянтчасы бар. Бул балдар үчүн чоң жаңылык.
"Спутник Кыргызстан" радиосунун “Ачык кеп” программасынын бүгүнкү мейманы Алия Абдиева борбордогу технологиялардын уникалдуулугу жана алардын жаш муунду тарбиялоодогу мааниси тууралуу кенен айтып берди. Акыркы технологиялар менен жабдылган мындай борборлор аймактарда да ачылып, балдар ар тараптуу билим алуу менен робототехникага кызыгып, китепке кызыгуусу да артмактыгын билдирди. Биз борбордун мындан аркы иш тартиби, китепканадагы башка долбоорлор тууралуу да бир катар суроолорубузга кенен маалымат алдык.