Реаблитациялык борбордогу жаныбарлар жана канаттуулар кандай жардамга муктаж?

Sputnik
Бишкектеги “Зоо Бишкек” реаблитациялык борборунда учурда 300гө жакын жаныбарлар менен канаттуулар багылууда. Аларды көбүнчө багуудан тажаган же карай албай калган шаар тургундары алып келет. Мейманыбыз зоотехник Азамат Алтынбековдун айтымында, айрым шаардыктар үйдө баккан жырткыч жаныбарлардан кутулуу максатында шаарга таштап салышат. Бул элге зыян алып келиши мүмкүн. Ушундай учурлардын биринде борбордун кызматкерлери ӨКМдин чакыруусу менен барып бактын башында төрт күндөн бери отурган енотту алып келишкен. Негизинен ооруган жаныбарларга багып, сакайтып кайра коё берип койгон учурлары да болот экен. “Бул жаныбарлар айына 150 килограмм эт жана ар кандай жакшы сапаттагы жер-жемиштерди жейт” — деди Алтынбеков. Учурда борбор жарандардан материалдык жардам сурашууда. Анткени учурда азык-түлүк жаатында абдан кыйын мезгил болуп жатканын кошумчалады. Ал эми жайында көрүүчүлөр көп келген учурда, алардан түшкөн каражат жалпы чыгымдын 70 пайызын гана жабат.