Жа?ылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесинде билдирди.Анын айтымында, кыргыз дипломатиясынын тарыхы байыркы доорлордон келе жатат."Белгилүү кытай тарыхчысы Ю Тайшан өз изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө биздин заманга чейинки Х кылымда эле кыргыздардын мамлекети болгондугун тастыктаган маалыматын жарыялаган. Демек, элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өз мезгилинде кыргыз мамлекети бардык коңшу мамлекеттер, анын ичинде улуу Кытай менен жигердүү кызматташып келген", — деген ал өз сөзүндө.Өлкө башчы учурдагы ургаалдуу геосаясий процесстердин таасири астында дүйнө ар кандай тарыхый сыноолорго дуушар болуп жаткан кезде бабаларыбыздан калган баалуу тажрыйбалар абдан маанилүү экенин кошумчалаган.
Казино, букмекерлерди мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги мейманкана комплекстерине жайгаштырууга уруксат берүү сунушталууда. Экономика жана коммерция министрлиги "КРдин оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамынын 13-беренесинин 3-бөлүгүн, тагыраагы, "оюн-зоок жайларды мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган кыймылсыз мүлк объектилеринде, ошондой эле капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объектилеринде жайгашууга тыюу салынат" деген норманы алып салууну сунуштаган. Аталган мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүндө оюн-зоок жайлары мейманкана комплекстеринде, ресторандар менен биргеликте жайгашышы керектиги жазылган. Демек, кеп мамлекеттик, муниципалдык же алардын үлүшү бар мейманканалар тууралуу болуп жатат.Мыйзам долбоорунун негиздемесинде максат туристтерди тартуу жана республикалык бюджетке кирешени көбөйтүү экени айтылган. Ошондой эле өлкөдө казино иштетүүгө үч, букмекердик кеңсеге төрт лицензия берилип, мындан 252 миллион сом түшкөнү белгиленген. Мындан тышкары, 2023-жылы оюн-зоок ишмердигинин субъектилери 118,5 миллион сом салык төлөшкөн, ал эми 2024-жылдын 9 айында бул сумма 208,7 миллион сомго жеткен.
Улуу Британия Украинага Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн акчанын ичинен 2,26 миллиард фунт стерлингди G7 алкагындагы насыя катары бермекчи. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн өкмөтүнүн билдирүүсүнө таянып жазды.Бул акча Лондондун G7 насыяларына кошкон салымы дешти.Украинадагы атайын операция башталгандан тарта ЕБ менен G7 өлкөлөрү Россиянын 300 миллиард еврого чукул валюта корун тоңдуруп салган. 200 миллиард еврого чукул акча ЕБде, негизинен бельгиялык Euroclear деп аталган дүйнөдөгү эң ири эсептик-клирингдик системада жатат.Буга чейин "чоң жетилик" Украинага Батыш тоңдуруп койгон россиялык активдерден түшкөн пайыздык пайданын эсебинен Украинага 50 миллиард доллар насыя кароого макулдук берген.РФ ТИМи россиялык акчалардын тоңдурулганын уурулук деп атап, ЕБ жеке жактардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активдерине да тап коюп турганын айткан эле. ТИМ башчысы Сергей Лавров Батыштын россиялык активдеринин тоңдурулган каражаты конфискацияланса, ага Россия жооп кыларын билдирген. Анын айтымына караганда, РФте Батыш өлкөлөрүнүн Россияда кармап турган каражаттарын артка кайтарбай коюу мүмкүнчүлүгү бар.