Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экологиялык жактан таза кайсы продукциялардын алдыңкы жеткирүүчүсү боло алат?

Sputnik
Буга чейин экономика минитринин орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан жогорку кирешелүү, экологиялык жактан таза продукциянын алдыңкы жеткирүүчүсү болууга тийиш экенин билдирген. Ал мындай мүмкүнчүлүктү колдонуу үчүн Кыргызстандын ЕАЭБ сыяктуу чоң рыногу бар экенин айтып, айыл чарба продукцияларын экспорттоого түзүлгөн уюмдагы жеңилдиктер, ташып жеткирүүдөгү жашыл коридор системасы буга жакшы көмөкчү болорун айткан.
Ушуга байланыштуу өлкөдө жогорку сапаттагы азык-түлүк өндүрүү менен катар экспорттоо потенциалына кызыгып бир катар суроолорду айыл чарба министрлигинин өкүлү Муктар Чыналиевге жана Экономика министрлигинин алдындагы экспортту өркүндөтүү жана илгерилетүү борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиевге собол салып, пикирин уктук.