Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
2024-жылдын үчүнчү кварталында жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 889,93 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат. Эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8 миң 827,33 сомду, пенсия курагындагылар үчүн 6 миң 992,34 сомду, балдар үчүн 6 миң 703,07 сомду түздү. Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында – 8 миң 172,95 сом, эң төмөнкүсү Чүй облусунда – 7 миң 376,09 сомду түздү. Улуттук статистика комитети 2023-жылы октябрда өлкөдөгү жашоо минимумун 7 миң 756 сом деп белгилеген.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Түркия менен да алаканы бекемдейт. Бул тууралуу ЕЭК министри Арзыбек Кожошев Стамбулда өткөн Дүйнөлүк конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйынында айтты. Министр өз сөзүндө инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу менен алектене турган жана ишти координациялоо үчүн биргелешкен компания түзүлгөнүн белгилеген."Бул темир жол Кытайды Кыргызстан жана Өзбекстан, андан ары Түркия жана Европа менен байланыштырган альтернативдүү жол болуп калат. Долбоор Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо, алардын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана жаңы соода мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Долбоор бул каттамдагы бардык өлкөлөр үчүн олуттуу мультипликациялык эффект жаратып, өнөктөштүктү бекемдеп, соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет", — деген Кожошев. Министр жолдун курулушу Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка Казакстан аркылуу жүк ташуу маршрутун 900 чакырымга кыскартып, 7-8 күндү үнөмдөй турганын белгиледи. Ал эми Россия аркылуу өткөн каттамга салыштырмалуу жол болжол менен 3000 чакырымга кыскарат.
Баткенге Өзбекстандан дарыгерлер келгенин аталган облустун администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Сапардын максаты эки тараптуу кесиптик гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, жарандарга медициналык жардам көрсөтүү экенин айтышты. "Дарыгерлердин курамында тажрыйбалуу онколог, эндокринолог, онкогинекологдор бар. Алар бүгүндөн тарта эки күн ичинде Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда Баткен облусунун жашоочуларын медициналык кароодон акысыз өткөрүшөт", — деп айтылган маалыматта. Дарыгерлерди Республикалык адистештирилген илимий-практикалык жана терапиялык, ошондой эле медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдукаххор Фозилов жетектеп келген. Сапардын алкагында Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен Өзбекстандын жогоруда аталган борборунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
Бишкекте бүгүн, 22-октябрдан тарта, жылуулук берилет. Бул тууралуу мэрия билдирди. Тийиштүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон. "Бишкек шаарынын метеорологиялык болжолдоосун жана абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен жылытуу мезгилин 22-октябрдан тарта баштоо чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта. Жылуулук биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканалары менен мекемелерге жетет.