Жумгалда 45 жаштагы киши менен 9 жашар баланы издеп жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жумгал районунун Өрнөк айылынын жайлоого кетип дайынсыз болгон эки жашоочусун куткаруучуларды, милиционерлерди кошкондо 97 адам издеп жатат. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Издөөгө айыл тургундары да кошулган.
45 жаштагы киши менен тогуз жашар бала 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жатканын айтышты. Алардын жоголгону туурасында кабар тиешелүү жактарга 19-октябрда түшкөн.
Кечээ ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам, жалпы 83 киши издеп чыгып, бирок майнап болгон эмес. Бүгүн 97 адам издеп жатат.
Чаткалда көчкү басып калгандардын баарынын сөөктөрү табылды. Сүрөт