Акылбек Жапаров Кремлдин жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө барды

Учурда Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Муну менен бирге Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы белгиленүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, учурда Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Муну менен бирге Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы белгиленүүдө.
1 / 4

Акылбек Жапаров Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.

2 / 4

Гүлчамбар коюлгандан кийин курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди

3 / 4

Акылбек Жапаровду Кыргызстандын арсмий делегация мүчөлөрү коштоп жүрдү

4 / 4

Мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылы курулган

Акылбек Жапаровду Кыргызстандын расмий делегация мүчөлөрү коштоп жүргөнү айтылды. Гүлчамбар коюлгандан кийин курман болгон жоокерлерди бир мүнөт унчукпай эскеришти.
Александр бакчасында Кремлдин дубалынын жанында жайгашкан Мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылы курулган.
Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Россиянын эли ийиндеше туруп келечек үчүн күрөшкөн