ЖМК: FETO кыймылынын негиздөөчүсү Фетхуллах Гүлен көз жумду

Түрк бийлиги FETO деп аталган Гүлендин уюмун 2016-жылдын июлундагы төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп айыптап келет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түркияда 2016-жылы төңкөрүш аракетин уюштурган деп айыпталган дин аалымы Фетхуллах Гүлен каза болгонун Hurriyet гезити жазды.
"FETO лидери, Американын Пенсильвания штатында жашаган Фетхуллах Гүлен каза болду", — деп айтылат басылманын маалыматында.
Түрк бийлиги FETO (Фетхуллахчы террордук уюм) деп атаган Гүлендин уюмун 2016-жылдын июлундагы төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп айыптап келет. Түркияда көтөрүлүштөн кийин 80 миңден ашуун адам камакка алынган, 150 миңдей мамлекеттик жана аскер кызматкерлери жумуштан бошотулган же четтетилген. АКШда жүргөн Гүлен төңкөрүштү айыптап, өзүнө тагылган күнөөлөрдү четке каккан.
ЖМК: төңкөрүш тууралуу эскертүүдөн кийин Эрдоган түндө чукул жыйын өткөрдү