WSJ: Трамп Путинди Москвага сокку урам деп коркутканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Дональд Трамп The Wall Street Journal гезитинин редакторлоруна АКШнын президенти болуп турган кезде Россия "Украинаны куугунтуктаса" Москвага сокку ура турганын айтканын билдирди.
"Мен ага (Россиянын президенти Путинге) Владимир, эгер сен Украинаны куугунтуктасаң Москванын чок ортосуна сокку урам деп айттым. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы болгондуктан мен муну каалабай турганымды, бирок менде башка арга жок экенин эскерткем", — деген Трамп.
Экс-президент бул сүйлөшүү качан жана кандай жагдайда болгонун тактаган жок.
Тайвань блокадага алынган учурда Кытайга каршы аскердик күч колдонулушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып, саясатчы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон мамилесине таянып мындай аракеттердин зарылдыгынан күмөнү бар экенин билдирди.
"Мага анын кереги жок деп ойлойм... Ал менин жинди экенимди билет", — деген Трамп.
Буга чейин АКШнын мурдагы башчысы Россиянын лидери менен жакшы мамиледе экенин жана президенттик шайлоодо жеңип чыкса Украинадагы жаңжалды инаугурацияга чейин эле чече аларын бир нече жолу билдирген.
Ал эми Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШда "терең мамлекет" иштеп жатканын, анын иштеши Ак үйдүн башчысынын кызматын ким ээлегенинен көз каранды эместигин белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Зеленскийди Украинадагы жаңжалды баштаган деп айыптады