Сокулуктагы мушташка катышкан милиционер ооруканага түштү

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Сокулуктагы мушташка катышкандардын бири — жергиликтүү күзөт бөлүмүнүн кызматкери. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
16-октябрда Сокулуктагы "Ала-Арча" ресторанынын жанында жол кырсыгы болгону туурасында маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген тартип сакчылар бир нече киши мушташып, анын ичинен экөөнү автоунаа коюп кеткенин аныктаган.
"Жабырланган Б.Б. башынан катуу жаракат алып ооруканага түшкөн. 19-октябрда мушташкандар аныкталган. Алар 28 жаштагы Д.Ч. жана И.Б. болгон. Биринчиси кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Экинчиси, күзөт бөлүмүнүн кызматкери, ооруканада стационарда дарыланууда. Шектүү кайтарууга алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, кишини коюп кеткен автоунааны айып короого айдап киргизишкен", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Сокулук районунда 25 жаштагы жигит тойдон кийин сабалып, комага түшүп калганын жакындары билдиришкен.
Чатак 16-октябрда болгон. Анда төрт киши 25 жаштагы жигитти аеосуз сабаганы айтылган. Бул боюнча иш козголгон.
Кантта топ кишилер мушташып, ок атылды