Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия ТИМи Зеленскийдин "жеңиш планын" колдоодон оолак болууга чакырды

Зеленский 16-октябрь күнү Украинанын парламентине "жеңиш планын" айтып берген. Документ беш пунктудан жана купуялуу үч бөлүктөн турат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россия ылым санаган тараптарды Киевдин "жеңиш планын", "тынчтык формуласын" жана "тынчтык саммитин" колдоодон оолак болууга чакырып, анын баарын ультиматум деп эсептейт. Бул тууралуу РФ ТИМинин КМШ мамлекеттеринин экинчи департаментинин директору Алексей Полищук РИА Новости агенттигине маек куруп жатып айткан.
"Зеленскийдин "жеңиш планында" план да жок, жеңиш да жок. "Тынчтык формуласы" деле ошол — тынчтык да, формула да көрүнбөйт, Бюргенштокто өткөн "тынчтык саммитинде" да же тынчтык жок, же саммит жок. Биз ылым санаган өнөктөштөрүбүздү ультиматум мүнөзүндөгү мындай демилгелерди жана форматтарды колдоодон алыс болууга чакырабыз. Алдап, кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатышат", — деди Полищук.
Дипломаттын айтымында, "жеңиш планынын" өзү Киев режиминин тынчтыкка умтулуусу тууралуу билдирүүлөрүн четке кагып келет, анткени пландын маңызында абалды курчутуу ниети турат.
"Зеленскийдин АКШ жана Батыш Европаны кыдырып "жеңиш планын" тууралуу айтып, кийин Жогорку Радага жана ЕБ саммитине алып чыгышы — болгону жардам суроо аракети", — деди Полищук.
Эскерте кетсек, Зеленский 16-октябрь күнү Украинанын парламентине "жеңиш планын" айтып берген. Документ беш пунктудан жана купуялуу үч бөлүктөн турат. Тактап айтканда, биринчи пунктуда Украинаны НАТОго киргизүү жана андан ары мүчө кылуу каралган, экинчи пунктуда Россиянын аймактарына ыраакка аткан куралдар менен сокку урууга чектөөнүн алынышы жазылган. Үчүнчү пунктуда Украинага Россияны "өзөктүк эмес куралдардан токтотуп турган топтомдорду" жайгаштыруу жазылган. Зеленский бул пландарды ишке ашыруу өнөктөштөрдөн көз каранды экенин белгилеген.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Зеленскийдин "жеңиш планы" тууралуу пикирин билдирип, "бул план эмес, бири-бирине байланышпаган ураандардын топтому" деп айткан. Захарова бул пландар НАТОну Россия менен согушууга түздөн-түз түртөт деген оюн кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Францияда Путиндин сөзүнөн кийин Зеленскийди каржылоону токтотууга чакырык жасалды