Радио

Россия сала турган 9 мектепти материалдык-техникалык жактан да камсыздайт

Билим берүү жана илим министрлигинин Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын башчысы Тимур Дүйшеев Россия куруп бере турган мектептер тууралуу айтты.
Sputnik
Россия сала турган тогуз мектепте окутуу эки мамлекеттин биргелешкен программасынын негизинде жүрөт. Бул тууралуу Тимур Дүйшеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда жумушчу топ түзүлүп, мектептердин курулушу тууралуу эки тараптуу иш алып барууда.
"Россия куруп берүүчү тогуз мектеп Кыргызстандын кайсы аймагына, кайсы жерге, кандай долбоордо салынары тууралуу маселе 2020-жылдан бери эле талкууланып келе жатат. Андан бери көп жер тилке алмашты. Бүгүнкү күндө жер тилкелери боюнча маселе толук чечилди. Бул мектептер 7 облуста жана эки шаарда салынмак. Мурун бир жер тилкеси Новопавловкада болчу. АТРдин алкагында ал аймак Бишкек шаарына өтүп кеткендиктен жер тилкесин Чүй облусунун башка аймагына которуу жагын карап, бирок Ак-Ордо конушунун жашоочулары мектепке абдан муктаж экенин эске алуу менен жеринде калтырдык. Ошону менен 9 мектеп Кыргызстандын 6 облусуна жана эки шаарына салынат. Бул мектептерде Россиядан келген мугалимдер да сабак берет. Учурда 300гө жакын кыргызстандык студент Россиянын жогорку окуу жайларында билим алууда. Алар үчүн да ушул мектептерге иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми окуучулар тандоо түрүндө кабыл алынат жана бекер окушат. Мектептин долбоору Россия Тажикстанга салып берген беш мектептикине окшош болот. Бул — 1 224 орундуу мектеп. Мектеп эки бассейн, 600 окуучуну камтыган концерттик зал, эки спорттук зал, стадиону менен болот. Компьютердик класстар, дүйнө жүзү боюнча алдыңкы технологиядагы стем-класстар менен камсыздалат", — деди Дүйшеев.
Ал Россия мектеп салуу менен эле чектелбестен, техника менен да кошо жабдый турганын кошумчалады.