Путин менен Нахайян Кремлде жолукту. Видео

Нахайян Путин менен өз ара жеке жана иштиктүү мамилени жогору баалаарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин эл аралык аренадагы өз ара кызматташуусу дүйнөлүк мүнөздөгү маселелер үчүн маанилүү. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин БАЭ президенти Мухаммед ибн Заид Аль Нахайян менен жолугушуу учурунда айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Биз кечээ президент мырза менен бейформал шартта жолуктук. Кызматташууларыбыздын маанилүү, талылуу жерлерин сүйлөштүк. Соода жүгүртүүнүн акыркы үч жылда бир нече эсеге өскөнүнө карабастан, соңку жети ай ичинде анын бир аз төмөндөп жатканын байкаганыбызды талкууладык. Биз тараптан өзгөчө көңүл бурууну талап кылган маселелерге токтолдук", — деген мамлекет башчысы.
Нахайян Путин менен өз ара жеке жана иштиктүү мамилени жогору баалаарын айткан.
"Сиз менен дагы бир ирет жолугуп жатканыма кубанычтамын. Бул — бир жарым жылга жетпеген убакыттагы биздин үчүнчү кездешүүбүз. Акыркы жылда дайыма байланышта болуп келебиз. Сиз менен өз ара жеке жана иштиктүү мамилени жогору баалайм", — деген ал Путин менен жолугуп жатып.
Мындан сырткары, эки тараптуу мамиле өнүгүп бара жатканын белгилеп, алардын ичинен экономика жана соода, энергетика жана бир катар тармактарды белгилеген.
"Биз азыркы ийгиликтүү көрсөткүчтөрүбүз дагы өсүп жогорулашына бардык күчүбүздү жумшоого даярбыз", — деген БАЭ башчысы.
Путин БАЭ президентин үйүнөн кабыл алды. Песков себебин түшүндүрдү