Путин БАЭ президентин үйүнөн кабыл алды. Песков себебин түшүндүрдү

Аль Нахайян Москвага жекшемби күнү келген. Ново-Огареводо сүйлөшүүлөрдүн бейрасмий бөлүгү өттү, расмий жолугушуу бүгүнкүгө пландаштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин президенттери Владимир Путин менен Мухаммед ибн Заид Аль Нахайянды ишенимге негизделген жылуу мамиле байланыштырып турат, мындай алака ар кыл маселелерди бейформал шартта талкуулоого жол берет, ушул себептен РФ лидери коногун Ново-Огареводогу резиденциясында кабыл алды. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат кызматы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Аль Нахайян Москвага жекшемби күнү келген. Ново-Огареводо сүйлөшүүлөрдүн бейрасмий бөлүгү өттү, расмий жолугушуу бүгүнкүгө пландаштырылган.
"Путин менен БАЭ президенти Мухаммед шейхти көптөн берки достук мамиле байланыштырып турат. Мындай алака дал ушундай жайбаракат отуруп, бир топ олуттуу маселелерди талкуулоого шарт түзөт", — деген Песков журналист Павел Зарубиндин "эмне себептен жолугушуу РФ президентинин үйүндө өтүп жатат" деген суроосуна жооп берип жатып.
Ал лидерлер "камерага бир нече сөз айтып", андан кийин эркин баарлашууга өтөрүн белгиледи.
"Адатта мындай сүйлөшүүлөр дасторкон үстүндө болот, мында лидерлер тамак ичүү үчүн эмес, бет маңдай отуруп талуу маселелерди чечүү үчүн жолугушат", — деди Песков.
"Келечек үчүн да маанилүү". Путин форумда БРИКСтин ролу туурасында айтты