Радио

Кабулова: анестезиолог сабырдуу, ыкчам чечим кабыл алган адис болушу шарт

Улуттук госпиталдын анестезиолог-реаниматологу, жогорку категориядагы врач, Саламаттык сактоонун отличниги Гүлбара Кабулова аталган кесип ээлери кыргыз медицинасында жетишсиз болуп жатканын айтты.
Sputnik
Анестезиолог-реаниматолог болуу үчүн медицинанын бардык тармагын билишиң шарт. Анан да ыкчам чечим кабыл ала алган, сабыры бекем киши болушу керек. Көп кадрлар түйшүк, жоопкерчилигине чыдай албайт. Жыйынтыгында өлкөдө анестезиологдор тартыш. Мындай пикирин Гүлбара Кабулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаш кадрларды аталган кесипке тартуучу атайын программалар зарыл.
"Анестезиолог-реаниматологдордун иши көмүскөдө калып, анчейин деле көңүл бурула бербейт. Бул кесиптин табияты ушундай. Бирок жоопкерчилиги абдан жогору жана адам өмүрүн сактап калууда өтө чоң орду бар. Сааттап созулган операцияларда хирургдар өз ишин үзгүлтүксүз жасашы үчүн бейтаптын мээсин, жүрөгүн, дем алуучу органдарын толук токтотуп, булчуңдардын бошошуна шарт түзүп, кайра аны ойготуп, калыбына келтирип алыш өтө татаал процесс. Өзгөчө жандандырып жатканда бейтаптын ар бир дем алуусу, карегинин кыймылы биз үчүн бир өмүргө тете ирмем болот. Анестезиолог-реаниматолог ар бир бейтапка өз өмүрүнүн бир тилимин берип чыгат. Бул адистикке медицинанын бардык тармагын терең билген билимдүү адамдар келе алат. Анын татаалдыгы ушунда. Сабыры түмөн болушу шарт. Кээде ар бир мүнөт бейтаптын өмүрүнө тете болуп калат. Мындайда бат чечим кабыл алып, тобокелдиктерге барганга туура келет. Андыктан бул кесипте көпкө кармалып иштеп же атайын анестезиолог-реаниматолог болууну тандагандар чыныгы медицинанын фанаттары дээр элем. Дүйнө жүзү боюнча анестезиологдорго өзгөчө мамиле, жогорку маяна, колдоолор каралган. Бизде да ушундай программалар болсо кадр тартыштыгы жоюлмак", — деди Кабулова.
Ал республикада айрым райондук ооруканаларда да анестезиологдордун жоктугун айтып, мындайда бейтаптарды облустук же республикалык ооруканаларга жиберүүгө аргасыз болушарын кошумчалады.