Москвада Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленди

Маданият күндөрүнүн ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Москва шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргызстандын Россиядагы маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан. Иш-чара Москвадагы Чоң театрда белгиленди.
1 / 7

Москва шаарында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргызстандын Россиядагы маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземи өттү

2 / 7

Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан

3 / 7

Иш-чара Москвадагы Чоң театрда белгиленди

4 / 7

Майрамдык кечеде Кыргызстандын жана Россиянын белгилүү чыгармачыл топтору жана аткаруучулары өз өнөрлөрүн тартуулады

5 / 7

Концерттик программага кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган "Манас" эпосунун үзүндүлөрү, этнографиялык-фольклордук "Камбаркан" ансамбли, фольклордук-этнографиялык "Ордо-Сахна" ансамбли, "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамбли сыяктуу бир катар топтор өз программаларын тартуулап, ошондой эле элдик ырлар, күүлөр жана бийлер көрсөтүлдү

6 / 7

Салтанаттуу кече "Кыргызстан-Россия" аттуу жаңы ыр менен жыйынтыкталган

7 / 7

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кремлдин музейлерине барганы айтылды

"Азем Россия президенти Владимир Путиндин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун видеокайрылуулары менен башталды. Лидерлер бул маанилүү окуя менен куттуктап, эки элдин ортосундагы маданий кызматташтык Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиленин маанилүү аспекти болуп кала берерин жана алака мындан ары да бекемделерин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Майрамдык кечеде Кыргызстандын жана Россиянын белгилүү чыгармачыл топтору жана аткаруучулары өз өнөрлөрүн тартуулады. Концерттик программага кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган "Манас" эпосунун үзүндүлөрү, "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамбли, "Ордо-Сахна" фольклордук-этнографиялык ансамбли, "Ак Марал" мамлекеттик бий ансамбли сыяктуу бир катар топтор өз программаларын тартуулап, аны менен катар элдик ырлар, күүлөр жана бийлер көрсөтүлдү. Салтанаттуу кече "Кыргызстан-Россия" аттуу жаңы ыр менен жыйынтыкталган.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кремлдин музейлерине барганы айтылды.
Москвада КР менен РФтин интеллигенция өкүлдөрү кызматташтыкты талкуулады