Москвадагы орус-кыргыз сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында 5 документке кол коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Москвадагы Россия менен Кыргызстандын премьер-министрлери Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаровдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Эске салсак, кыргыз делегациясынын сапары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүн белгилөөгө багытталган.
Документтердин тизмеси:
саламаттыкты сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу;
эл аралык автомобиль транспорту;
транспорт тармагында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кызматташуу;
калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жаатында кызматташуу;
пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара кызматташуу.
Россия Кыргызстан менен мамилесин жогору баалайт. Мишустиндин кеби