Россия Кыргызстан менен мамилесин жогору баалайт. Мишустиндин кеби

Ал эки өлкөнүн президенттери дайыма байланышта экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россия Кыргызстан менен болгон мамилени жогору баалайт. Мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдеринде интенсивдүү диалог жүрүүдө. Бул тууралуу РФ премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушуусунда билдирди.
Кыргыз делегациясынын сапары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүн белгилөөгө багытталган.

"Биз союздашыбыз, стратегиялык өнөктөшүбүз катары эсептелген Кыргызстан менен болгон мамилебизди абдан жогору баалайбыз. Биздин өлкөлөрдүн президенттери дайыма байланышта, бардык деңгээлдеги интенсивдүү диалог бар", — деди Мишустин.

Ал мындан башка бир катар маселелерге токтолду. Мишустиндин кебинин урунттуу учурлары:
үстүбүздөгү жылдын сегиз айында соода жүгүртүү 16%га өсүп, рублдин өз ара эсептешүүдөгү үлүшү дээрлик 90%га жетти;
буга чейин россиялык газды Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарына жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишимдерге кол коюлган;
россиялык долбоор боюнча аз кубаттуу АЭС жана күн электр станцияларын куруу маселеси талкууланууда;
кыргыз жаштары Россияда окууга кызыкдар. Өлкөдө кыргызстандык 16 миңге жакын студент билим алууда;
Россия менен Кыргызстандын кызматташуусун каржы, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт, санарип технологиялары жаатында арттыруу зарыл.
А. Жапаров: Россия менен Кыргызстандын ортосунда саясий карама-каршылык жок