Кожошев: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Түркия менен да алаканы чыңайт

Министрдин айтымында, долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизип, анын дүйнөлүк транспорт системасына интеграцияланышына көмөктөшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Түркия менен да алаканы бекемдейт. Бул тууралуу ЕЭК министри Арзыбек Кожошев Стамбулда өткөн Дүйнөлүк конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйынында айтты.
Министр өз сөзүндө инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу менен алектене турган жана ишти координациялоо үчүн биргелешкен компания түзүлгөнүн белгилеген.
"Бул темир жол Кытайды Кыргызстан жана Өзбекстан, андан ары Түркия жана Европа менен байланыштырган альтернативдүү жол болуп калат. Долбоор Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо, алардын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана жаңы соода мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Долбоор бул каттамдагы бардык өлкөлөр үчүн олуттуу мультипликациялык эффект жаратып, өнөктөштүктү бекемдеп, соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет", — деген Кожошев.
Министр жолдун курулушу Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка Казакстан аркылуу жүк ташуу маршрутун 900 чакырымга кыскартып, 7-8 күндү үнөмдөй турганын белгиледи. Ал эми Россия аркылуу өткөн каттамга салыштырмалуу жол болжол менен 3000 чакырымга кыскарат.
"Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизип, анын дүйнөлүк транспорт системасына интеграцияланышына көмөктөшөт. Түркия менен салттуу жылуу жана боордоштук мамилелерин сактаган өлкөнүн эл аралык соода агымындагы стратегиялык мааниси жогорулап, Евразиянын транспорттук алкагынын маанилүү бөлүгү болуп калат", — деди ЕЭК министри.
Эскерте кетсек, 2024-жылкы Дүйнөлүк конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйыны Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлигинин колдоосу астында Эл аралык жол федерациясы (IRF) тарабынан уюштурулган.
ЕАЭБдеги электр энергиясынын жалпы рыногун түзүүгө дагы бир кадам жасалды