Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Россиянын эли ийиндеше туруп келечек үчүн күрөшкөн

Өлкө башчы Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү кылымдардан бери куралып келе жаткан тыгыз маданий алаканын жана достуктун белгиси экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий кызматташуу эки элдин достугунун маанилүү аспектиси болуп саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөө салтанатынын жана Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүнүн ачылышындагы видеокайрылуусунда айткан. Текстти президенттин маалымат кызматы таратты.
Өлкө башчы Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү кылымдардан бери куралып келе жаткан тыгыз маданий алаканын жана достуктун белгиси экенин айтты.
"Россиянын маданияты дайым кыргыздын маданий ишмерлерин шыктандырып келген, бул мурасты бүгүнкү күндүн чеберлери да улантып келе жатышат. 1939-жылы өткөн Кыргыз искусствосунун декадасын айтпай кое албайбыз. Дал ошондо Москва шаарында дүйнө жүзү кыргыз элинин бай, терең маданиятын көрө алган", — деген Жапаров.
Президент азыркы тапта да Кыргызстан менен Россиянын ортосунда маданий байланыш уланып жатканын белгиледи. Жапаров Россия куруп бере турган тогуз мектепке токтолуп, бул жөн гана билим берүү долбоору эмес, эки элдин жаркын келечегинин кепилдиги экенин айткан.
"Кыргызстан орус тилине жана маданиятына чоң урмат менен мамиле кылат. Бул — орток тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү. Маданий кызматташуу жаңы демилгелерди көтөрүп, долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет. Биздин ата-бабалар ийиндеше туруп келечек үчүн күрөшкөн. Маданият элдерди байланыштырган көпүрө болуп кала берет. 1939-жылдагыдай эле биздин таланттар Москванын сахнасында өнөрүн тартуулап жатат, ошол мезгилдегидей эле Маданият күндөрү өз ара колдоо, жылуу мамиле салтын улантууга негиз болуп берүүдө", — деди Жапаров.
Москвада Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленди