Кыргызстандын энергетикадагы аялдар ассоциациясы БРИКС сынагында жеңүүчү болду

Иш-чара 18-октябрда Москвада өткөн БРИКСтин бизнес-форумунун алкагында өтүп, ага 30 өлкөнүн компаниялары катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандын энергетикадагы аялдар ассоциациясынын мүчөсү Айдай Керимкулова БРИКС өлкөлөрүнүн аялдар стартаптарынын биринчи сынагында "50 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу" долбоорун сунуштап, жеңүүчү болду. Бул тууралуу ассоциациянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара 18-октябрда Москвада өткөн БРИКСтин бизнес-форумунун алкагында өтүп, ага 30 өлкөнүн компаниялары катышты. Миңден ашык өтүнмөнү эл аралык калыстар тобу караган. Дүйнө боюнча 14 өлкөнүн долбоорлору БРИКСтин аялдар бизнес-альянсы тарабынан коммуникациялык колдоо алат.
"Альянстын экосистемасы жеңүүчүлөргө инновациялык стартаптарын кеңейтүүгө, каражат тартууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет", — деп белгиледи альянстын россиялык бөлүгүнүн төрайымы Анна Нестерова.
Кыргызстандын энергетикадагы аялдар ассоциациясынын жетекчиси Алтынай Абдыкеримова энергиянын кайра жаралуучу булактары багытында иш жүргүзгөн аялдарды колдоо маанилүү экенин белгиледи.
БРИКС мамлекеттери SWIFT системасынын аналогун түзүүнүн үстүндө иштөөдө