Казандагы БРИКС саммити

Казандагы БРИКС саммитине дүйнөлүк лидерлерден ким келет

Казанда Россиянын тарыхындагы эң ири тышкы саясий иш-чара — БРИКСтин саммити болот. Ага кеминде 20 мамлекеттик лидер келмекчи.
Sputnik
Казандагы бул иш-чара 22-октябрда башталып, 25-октябрда аяктайт.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.