Баткендиктерди өзбекстандык дарыгерлер текшерүүдөн акысыз өткөрүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Баткенге Өзбекстандан дарыгерлер келгенин аталган облустун администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Сапардын максаты эки тараптуу кесиптик гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, жарандарга медициналык жардам көрсөтүү экенин айтышты.
"Дарыгерлердин курамында тажрыйбалуу онколог, эндокринолог, онкогинекологдор бар. Алар бүгүндөн тарта эки күн ичинде Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда Баткен облусунун жашоочуларын медициналык кароодон акысыз өткөрүшөт", — деп айтылган маалыматта.
Дарыгерлерди Республикалык адистештирилген илимий-практикалык жана терапиялык, ошондой эле медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдукаххор Фозилов жетектеп келген.
Сапардын алкагында Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен Өзбекстандын жогоруда аталган борборунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
Бишкекте россиялык дарыгерлер майып балдардын ата-энелерине консультация берүүдө