А. Жапаров: Россия менен Кыргызстандын ортосунда саясий карама-каршылык жок

Премьер-министр республиканын президенти Садыр Жапаров Казанда өтүүчү БРИКСтин саммитине катыша турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россия Федерациясы менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров Москвада РФ премьери Михаил Мишустин менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал эки тарапта тең кызматташуунун бардык спектрин мындан ары өнүктүрүүгө умтулуу бар экенин белгиледи.
"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектрин мындан ары өнүктүрүүгө умтулуу бар", — деди Жапаров.
Ал бардык деңгээлде эки тараптуу байланыштардын жогорку динамикасы сакталып жатканын белгиледи. Премьер-министр республиканын президенти Садыр Жапаров Казанда өтүүчү БРИКСтин саммитине катыша турганын кошумчалады.
Акылбек Жапаров Кремлдин жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө барды