400 миңге чукул киши Ливандан Сирияга аргасыз көчтү

Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Израилдин агрессиясынан улам Ливандан Сирияга 400 миңге чукул киши аргасыздан жер которду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Израиль агрессиясы башталгандан тарта, 22-сентябрдан 18-октябрга чейин, Сирияга Ливандан келгендердин саны 395 485 кишиге жетти. Алардын 124 450сү — ливандыктар. 271 035 сириялык мекенине кайтып келди", — деп айтылат билдирүүдө.
Сириянын Саламаттык сактоо министрлигинен 28 миңден ашык чет элдикке 26 күн ичинде 56 миңден көбүрөөк акысыз медициналык кызмат көрсөтүлгөнүн билдиришти. Мунун ичине хирургиялык операциялар, психикалык жана боюнда барларга көрсөтүлгөн жардамдар, ошондой эле балдарды, төрөө курагындагы аялдарды эмдөө иштери кирген.
Израиль Ливандын Набатия шаарына катуу сокку урду. Мэр жана 5 кызматкер каза болду