Кактан гүл жасап кардарлардын жүрөгүнөн орун тапкан ишкер айым

Sputnik
Кыргызстанда азыр ишкерчиликтин доору башталып жаткандай туюлат. Анткени өлкөдө ири ишканалар же бизнес-империялар жокко эсе болгону менен көптөгөн стартаптарды, жүздөгөн бизнес идеяларды көрүүгө болот. Баарыбызга белгилүү болгондой бизнесте башкы нерсе идея, өзгөчөлүк. Бүгүнкү берүүдө ишкерчилик жана андагы өзгөчөлүк тууралуу кеп кылалы деп турабыз.
Студиябыздын бул жолку коногу кургатылган мөмө-жемиш менен соода кылган, жөн эле сатпай, андан гүл жасап, букет кылып саткан айым Назира Садабаева.