Дүйнөлүк экономикада кылымдар бою эле алтындын орду өзгөчө белгиленип келет. Мунайды казып алуу колго алынгандан тартып, бул зат менен дүйнө экономикасы башкарылууда. Мындан улам, дагы кандай сырьелор дүйнөдө багытын өзгөртө алган экономикалык орунга ээ деген суроо жаралбай койбойт. Мындай индустриалдык сырьелор албетте жок эмес. Алардын өлкөлөр боюнча көрсөткүчтөрү кандай? Кайсы мамлекет, сырьенун кайсы түрү менен чоң экономикалык секирик жасоо мүмкүнчүлүгү бар? Алтындын, ал тургай мунайдын ордун басуучу сырье кайсы? Доллардын кунунун түшүнө же тескерисинче көтөрүлүшүнө индустриалдык сырьелордун таасири кандай болууда?
Дайымкыдай эле “Экономикалык панорама” уктуруусунда, экономист, Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов айтып берет.