Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Түркия менен да алаканы бекемдерин ЕАЭб министри билдирдиТрамп Путинди Москвага сокку урам деп коркутканын айттыАкылбек Жапаров Кремлдин жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө бардыАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Эскерте кетсек, учурда Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Муну менен бирге Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы белгиленүүдө.Акылбек Жапаровду Кыргызстандын расмий делегация мүчөлөрү коштоп жүргөнү айтылды. Гүлчамбар коюлгандан кийин курман болгон жоокерлерди бир мүнөт унчукпай эскеришти. Александр бакчасында Кремлдин дубалынын жанында жайгашкан Мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылы курулган.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Түркия менен да алаканы бекемдейт. Бул тууралуу ЕЭК министри Арзыбек Кожошев Стамбулда өткөн Дүйнөлүк конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйынында айтты. Министр өз сөзүндө инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу менен алектене турган жана ишти координациялоо үчүн биргелешкен компания түзүлгөнүн белгилеген."Бул темир жол Кытайды Кыргызстан жана Өзбекстан, андан ары Түркия жана Европа менен байланыштырган альтернативдүү жол болуп калат. Долбоор Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо, алардын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана жаңы соода мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн өзгөчө мааниге ээ", — деген Кожошев. Министр жолдун курулушу Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка Казакстан аркылуу жүк ташуу маршрутун 900 чакырымга кыскартып, 7-8 күндү үнөмдөй турганын белгиледи. Ал эми Россия аркылуу өткөн каттамга салыштырмалуу жол болжол менен 3000 чакырымга кыскарат.
Россия менен Кыргызстан эл аралык бирикмелерде натыйжалуу кызматташууда. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды. Ал Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземинин катышуучуларына видеокайрылуу жасаган. “Бүгүнкү күндө Россия менен Кыргызстанды стратегиялык өнөктөштүк мамилелер байланыштырып турат. Биз ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ШКУ жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу кызматташуудабыз”,— деди Путин. Президент видеокайрылуусунда кыргыз элин бир тууган деп атап, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. Путин Москва менен Бишкектин ортосундагы маданий-гуманитардык алакалардын маанилүүлүгүн да белгиледи.
Дональд Трамп жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде АКШнын президенти болуп турган кезде Россия "Украинаны куугунтуктаса" Москвага сокку ура турганын айтканын билдирди. "Мен ага (Россиянын президенти Путинге) Владимир, эгер сен Украинаны куугунтуктасаң Москванын чок ортосуна сокку урам деп айттым. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы болгондуктан мен муну каалабай турганымды, бирок менде башка арга жок экенин эскерткем", — деген Трамп. Экс-президент бул сүйлөшүү качан жана кандай жагдайда болгонун тактаган жок. Тайвань блокадага алынган учурда Кытайга каршы аскердик күч колдонулушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып, саясатчы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон мамилесине таянып мындай аракеттердин зарылдыгынан күмөнү бар экенин билдирди.