Эми товардын акчасын кайтаруудан баш тарткандар үч эсе көп айып пул төлөшү мүмкүн

Sputnik
Өлкөдө товардын акчасын кайтаруудан баш тарткандарга айып пулду үч эсеге көбөйтүү каралууда. Экономика министрлиги бул жааттагы мыйзам долбоорун парламентке киргизди. Министрликтен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү максатын көздөп жатканын айтышты. Биз бүгүнкү уктуруунун алкагында мыйзам ишке ашса кандай өзгөрүүлөр болорун кеп кылдык. Ошондой эле азыр кандай иштеп атат? Аткаруу талаптары кандай?
Бул суроолорго Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштык бөлүмүнүн башкы адиси Эрлан Батырканов жооп берди.