Реаниматолог-анестезиологдор өлкөдө жетишсиз. Кантип кадр маселесин чечүү керек?

Sputnik
Медицинанын дагы бир маанилүү адистиги реаниматолог-анестезиологдор. Кыргызстанда тилекке каршы бул кесип ээлери жетишсиз. Аймактагы ооруканаларда такыр жок болуп калган учурлар бар. Мындайда зарыл операция жасоого муктаждыгына карабай облустук, республикалык бейтапканаларга жиберүүгө аргасыз болушат. Ар бир мүнөт баалуу болуп турганда албетте бул бейтаптын өмүрү үчүн кооптуу. Мындай өзгөчө кесипти аркалаш үчүн медицинанын бардык тармактарын жакшы билүү керек дейт бүгүнкү биздин коногубуз Улуттук госпиталдык реаниматолог-анестезиологу, жогорку категориядагы врач Гүлбара Кабылова. Реаниматолог-анестезиологдордун иштөө шарт ары кандай? Дайыма режими жок режимде иштеген бул адистиктерге өзгөчө ыңгайлуулуктар каралганбы?
Эмне үчүн реаниматолог-анестезиолог эки кесип эриш-аркак жүрүшү керек, деген суроолорго бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунун алкагында жооп алууга аракеттендик.