Сокулукта төрт киши бир адамды сабап, ал качып баратканда унаа коюп кеткен

Милиция шектүүлөрдүн бири кармалганын, "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Сокулук районунда 25 жаштагы жигит тойдон кийин сабалып, комага түшүп калганын жакындары билдиришти.
Окуя 16-октярда болгон.
"Иним Бексултан досунун үйлөнүү тоюна келген. Ал жерде коноктордун ортосунда түшүнбөстүк жаралыптыр. Ошондо бир топ киши аны көчөгө сүйрөп чыгып сабашкан. Ал коргонуу үчүн качып баратканда унаа уруп кеткен. Бирок алар ошондон кийин дагы инимдин башына тепкилешкен. Сабагандар мас болушкан", — деди агасы.
Ал дарыгерлер Бексултандын жашап кетишине кепилдик жок экенин айтышканын белгиледи.
"Бексултан комага түшө электе ал адамдар реанимацияга дагы келишип, коркутуп кетишти. Биз арыз жазганыбыз менен милиция дароо кармабай алар из жашырып кетүүгө үлгүрүштү. Мушташкандардын бири ИИМдин кызматкери, ал кызматтык абалынан пайдаланып бул ишти жабууга аракеттенүүдө", — дешти жабырлануучунун туугандары.
Алар бул ишке президент менен УКМК төрагасынын дагы кийлигишүүсүн өтүнүшкөн.
Чүй ОИИББ окуяга шектүү катары 28 жаштагы бир адам кармалып, "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдады. Мушташка шектелген 28 жана 25 жаштагы дагы эки адам ошол күнү жаракат алып ооруканага жеткирилген. Милиция учурда дагы бир шектүү изделип жатканын кошумчалады.
Кантта топ кишилер мушташып, ок атылды