Россияда кыргыз маданиятына сүңгүйм дегендер үчүн көргөзмө өтүүдө. Сүрөт

Экспозицияда илгерки мезгилдерден бери сакталып келген баалуу эмгектер коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Россиянын декоративдик искусство музейинде кыргыздардын "Кылымдардын мурасы" аттуу көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналып өтүүдө.
1 / 4

Россиянын декоративдик искусство музейинде кыргыздардын "Кылымдардын мурасы" аттуу көргөзмөсү өтүүдө

2 / 4

Иш-чара Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналып өтүүдө

3 / 4

Көргөзмө кыргызстандык байыркы чеберлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон баа жеткис салымдарын көрсөтүүнү көздөйт

4 / 4

Экспозицияда илгерки мезгилдерден бери сакталып келген баалуу эмгектер коюлган. Ошондой эле кыргыздардын салттуу турак жайы болгон боз үй да көрсөтүлдү.

"Көргөзмө кыргызстандык байыркы чеберлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон баа жеткис салымдарын көрсөтүүнү көздөйт. Экспозицияда илгерки мезгилдерден бери сакталып келген баалуу эмгектер коюлган. Ошондой эле кыргыздардын салттуу турак жайы болгон боз үй да көрсөтүлдү", — деп жазылган маалыматта.
Иш-чара эртең, 21-октябрда, жыйынтыкталат. Көргөзмө Кыргызстандын миңдеген жылдар бою калыптанган тарыхы, маданияты жөнүндө уникалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.
Аскерлер комузду кармап көрүп. Тажикстандагы машыгууда КРдин маданият күндөрү да өттү