Путин: Россия менен Кыргызстан эл аралык бирикмелерде натыйжалуу кызматташууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Россия менен Кыргызстан эл аралык бирикмелерде натыйжалуу кызматташууда. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземинин катышуучуларына видеокайрылуу жасаган.

“Бүгүнкү күндө Россия менен Кыргызстанды стратегиялык өнөктөштүк мамилелер байланыштырып турат. Биз ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ШКУ жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу кызматташуудабыз”,— деди Путин.

Президент видеокайрылуусунда кыргыз элин бир тууган деп атап, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. Путин Москва менен Бишкектин ортосундагы маданий-гуманитардык алакалардын маанилүүлүгүн да белгиледи.
“Орус-кыргыз өнөктөштүгүнүн маанилүү компоненттеринин бири элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого салым кошкон маданий-гуманитардык байланыштар болуп саналат”, — деди ал.
Путин: БРИКС бирөөгө каршылык көрсөтүү үчүн түзүлгөн эмес