Москвада КР менен РФтин интеллигенция өкүлдөрү кызматташтыкты талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Москвада Кыргызстандын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясы уюштурган "Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Россиянын маданий жана илимий кызматташтыгы" аттуу форум болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Иш-чара Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналып уюштурулган.
1 / 3

Москвада Кыргызстандын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясы уюштурган "Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Россиянын маданий жана илимий кызматташтыгы" аттуу форум болуп өттү

2 / 3

Иш-чара Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналып уюштурулган

3 / 3

Форум окумуштуу Осмонакун Ибраимовдун жаңы китебинин бет ачары менен башталган

Форум окумуштуу Осмонакун Ибраимовдун жаңы китебинин бет ачары менен башталган.
Андан кийин Кыргызстан менен Россиянын маданият жана илим чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү бул жааттагы кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулашкан. Соңунда китепканага экскурсия уюштурулду.
Эске салсак, 22-октярбрга чейин Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп, бир катар иш-чаралар болот. Муну менен Кыргызстандын маданиятын жана тарыхый мурасын Россиянын жашоочуларына таанытуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Россияда кыргыз маданиятына сүңгүйм дегендер үчүн көргөзмө өтүүдө. Сүрөт