Молдовада президенттик шайлоо жана Евробиримдик боюнча референдум башталды

Мыйзамга ылайык, биринчи турда талапкерлердин бири дагы добуштардын жарымынан көбүн ала албаса, анда эки жумадан кийин эң көп добуш алган эки талапкердин ортосунда экинчи тур өтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Молдовада президенттик шайлоого жана Евробиримдик боюнча референдумга добуш берүү үчүн шайлоо участкалары бүткүл өлкө боюнча ачылды. Жекшембиде республиканын тургундары келерки төрт жылга мамлекет башчысын тандап, ошондой эле евроинтеграция үчүн баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү же киргизбөө чечимин кабыл алышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, шайлоочулардын саны 33,3 пайыздан ашса президенттик шайлоо өттү деп эсептелет.
Саат 7.00дө (Москва убактысы боюнча) Молдованын аймагындагы 2,2 миңден ашык шайлоо участкалары, дагы 234ү чет өлкөлөрдө ишин баштады.
Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы 784 эл аралык жана 1 277 улуттук байкоочуну аккредитациялаганын билдирди. Ошол эле учурда эл аралык байкоочулардын арасында Россиянын жана КМШ ПААнын өкүлдөрү жок.
Мыйзамга ылайык, биринчи турда талапкерлердин бири дагы добуштардын жарымынан көбүн ала албаса, анда эки жумадан кийин эң көп добуш алган эки талапкердин ортосунда экинчи тур өтүшү керек. Шайлоонун экинчи туру 3-ноябрда өтүшү мүмкүн жана эң көп добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Мамлекет башчылыгына 11 талапкер ат салышууда. Азыркы президент Майя Сандудан тышкары, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло, экс-премьер-министрлер Василий Тарлев жана Ион Чику, Гагаузиянын мурдагы башчысы Ирина Влах, Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Андрей Настасе, Тышкы иштер министрлигинин экс-жетекчиси Тудор Ульяновский, мурдагы жаштар жана спорт министри Октавиан Тику, экс-прокурор Виктория Фуртуне, "Биздин партиянын" саясий күчтөрүнүн лидери Ренато Усатии жана журналист Наталья Морари бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЕБ Россиянын түпкүрүнө сокку урууну чектөө боюнча бир чечимге келген жок