Москва физика-техникалык институтунун өкүлдөрү бишкектик окуучулар менен жолугат

Анда окуу жайдын өкүлдөрү билим берүү программасы, илимий иштери тууралуу маалымат беришет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Москва физика-техникалык институтунун өкүлдөрү Бишкекте жогорку класстын окуучулары менен жолугушат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Ага ылайык, жолугушуу эртең, 21-октябрда, саат 15:00дө башталат. Анда окуу жайдын өкүлдөрү Россиянын алдыңкы техникалык институтунун билим берүү программасы, илимий иштери тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары, физтехтин окумуштууларынын эмгектери менен тааныштырышат.
Борбор кайсы кесипти тандасам, кайдан билим алсам деп ойлонуп жүргөн окуучуларды жолугушууга чакырат.
Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2/1.
Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын ЖОЖдорунан 700 квота бөлүндү