Айыл чарбасы 107 пайызга өсөт. Жапаров агроөнөр жай кызматкерлерин куттуктады

Ал өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу биринчи иретте айыл чарба кызматкерлеринен көз каранды экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылда өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын жалпы суммасы 400 миллиард сомдун тегерегинде болушу күтүлүүдө. Муну менен аталган тармактын өсүү темпи 107 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-октябрда өлкөнүн агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзүндө айткан.
Мамлекет башчысы мындай жыйынтык аба ырайынын жана климаттын дыйканчылыкка тийгизген жагымдуу таасиринен улам болгонун белгилеген. Жапаров айыл чарбасы – өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизи багыттарынын бири болуп саналарын белгилеген.

"Мына ушундай маанилүү тармактын кызматкери катары сиздер азыркы замандын чакырыктарын эске алуу менен айыл чарба азыктарын өндүрүүдө, аларды кайра иштетип тышкы рынокторго экспортко чыгарууда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жан дилиңиздер менен аракеттенип иштеп келе жатасыздар. Мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында инвестициялык жети долбоор, ошондой эле "Айыл чарбасын каржылоо", "Агроөнөр жай комплексин насыялоо" долбоорлору, ирригация тармагын каржылоо, айыл чарба техникаларынын лизинги ийгиликтүү ишке ашырылып келатканын белгилей кетейин", – деген Жапаров.

Ал өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу биринчи иретте айыл чарба кызматкерлеринен көз каранды экенин кошумчалаган.
"Экономикалык климатты жакшыртууда негизги стратегиялык маанидеги тармакты тейлеген жооптуу кызматкерлер катары өз милдетиңиздерди ийгиликтүү аткара аларыңыздарга ишенем. Биз сиздер менен бирге чечкиндүү иш-аракеттерди көрүү менен жакынкы жылдары өлкөбүздү өнүгүү жолуна салууга салым кошууга милдеттүүбүз. Ар бир айыл чарба кызматкери акылын, билимин жана тажрыйбасын туура колдонуу менен Кыргызстанды өнүккөн, бакубат мамлекетке айлантууга жан үрөйт деп үмүт артам", – деген президент.
Куттуктоосунун соңунда бардык агроөнөр жай кызматкерлерине жоопкерчиликтүү иштеринде кесипкөйлүктү, чың ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөлүк бакыт каалаган.
Кыдырата тизилген техника. "Ала-Тоо" аянтында айыл чарба көргөзмөсү өтүп жатат