27-октябрга чейинки аба ырайы. Кыргызгидрометтин маалыматы

Синоптиктер алдыдагы бейшемби, жума күндөрүндө көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен жамгыр болорун божомолдоп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет 20-октябрдан 27-октябрга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, алдыдагы аптанын башында күн ачык болот. 23-октябрдан тарта өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Борбор калаа Бишкекте дүйшөмбү, шейшемби күндөрү абанын температурасы күндүз 18...24 градуска чейин көтөрүлсө, калган күндөрү бир аз салкындап 10...17 градус жылуу болот.

Чүй, Талас облустары

Эки облуста тең 20-22-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 23-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болот. 24-25-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Келерки ишембиде түнкүсүн жаан-чачындуу болуп, күндүз ачык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактары

Республиканын түштүк бөлүгүндө да аптанын башында жаан-чачын болбойт. Күндүн көзү 23-октябрдан тарта бузулуп, 24-25-октябрда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, тоолорго кар түшөт. Ишембиде күн кайрадан ачылат.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнү

20-23-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Бейшемби күнү көпчүлүк жерлерде катуу жамгыр болот. 25-26-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Суук болот. Ноябрга карата аба ырайынын божомолу