Кара-Сууда ок тийип ооруканага түшкөн балага операция жасалды

Бөбөктүн абалы туруктуу экендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Табарсык тарабына ок тийип Ош облустук ооруканасына түшкөн алты жаштагы балага операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
"Баладан пневматикалык мылтыктын (тир мылтыгы) огу алынды. Анын абалы туруктуу", — дешти мекемеден.
Окуя кечээ Кара-Суу районундагы Падаван айылына караштуу аймакта болгон. Жергиликтүү тургун талаага алты жана 12 жаштагы балдары менен эгин кайтарганы барган. Ал пневматикалык куралды иттерден коргонуу үчүн алып жүргөн. Балдардын улуусу инисин кокустан атып алган. Бейтапты ооруканага 20:55терде алып келишкен.
Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлер ооруканада кечээ бөбөктүн ички органдарын рентген жана УЗИге шашылыш түрдө тартышканын билдирген. Ал эми рентгенден тир мылтыгынын огу ич көңдөйүнүн оң жак тарабынын астыңкы бөлүгүндө турганы байкалган. Ички органдарынан оор жаракаттар көрүнгөн эмес.
Ош: Ноокаттагы каргашадан кийин облустагы диний окуу жайларга камера коюу тапшырылды