АКШ өтө купуялуу чалгындоо маалыматтарынын ачыкка чыгып кеткенин иликтейт

15-16-октябрдагы документтер интернет тармактарына 18-октябрда тарай баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Израилдин Иранга сокку урууга даярдыктары, Аскердик-аба күчтөрүнүн "аба-жер" ракеталары менен машыгуулары боюнча АКШнын өтө купуялуу чалгындоо маалыматтары интернетке тарап кеткен. Америка эми бул жашыруун нерсени ким ачыкка чыгаргандыгын иликтейт. Бул тууралуу CNN телеканалы кырдаалдан кабардар булактарга таянып кабарлаганын РИА Новости жазды.
"Америка Израилдин Ирандан өч алуу боюнча пландары тууралуу өтө купуялуу чалгындоо маалыматтарынын тарап кетишин иликтейт", — деп айтылат маалыматта.
15-16-октябрда даярдалган документтер интернетке 18-октябрда тарай баштаган. CNN ал документтерде өтө купуялуу экенин көрсөткөн белги болгонун кошумчалаган. Белги андагы маалыматтарды АКШдан тышкары Канада, Жаңы Зеландия, Британия жана Австралия кирген "Беш көз" чалгындоо альянсынын мүчөлөрү гана окуй алат дегенди билдирет.
Израиль Ирандын аскердик объектилерине сокку урууга камынганын ЖМКлар жазууда